Сокулук РИИБинин кызматкерлери мал уурдоого шектүү деп Сокулук айылынын жаранын кармашты. Мындай маалыматты Чүй РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
"2017-жылдын 4-декабрында Сокулук РИИБине Биринчи Май айылынын У.Л. аттуу 54-жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 4-декабрь түнү белгисиз адамдарга 20 баш майда жандыгын уурдаткан. Буга Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) боюнча иш козголгон. Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Сокулук айылынын 30 жаштагы Ч.Б. аттуу тургуну мал уурулукка шектелип кармалган", - деп билдиришти маалымат кызматтан.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда сурак берүүдө.