АКШда көпүрөдөн кулаган поездден 6 адам каза болуп, жабыркагандар 80ге чукулдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү тараткан Вашингтон штатынын губернатору Дей Инсли 6 адам каза болуп 77 адам жаракат алганын, ошондой эле өзгөчө кырдаал жарыяланганын айткан.
Айта кетсек, кырсык кечээ, 18-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7:40тар (Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9:30) чамасында болгон.
Портленд-Сиэтл багытында жүрүп бараткан поезд саатына 130 чакырым ылдамдыкта бара жатып рельстен чыгып кетип, унаа жолго кулаган. Натыйжада шосседеги бир нече унаа поезддин вагондорунун алдында калган. Поездде 75тен ашуун жүргүнчү бар болгон.