Көчөгө ташталып каза болгон ымыркайдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Апасы табыла элек

14-декабрь күнү саат 13:00 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунун аймагынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов SUPER.KG'ге 19-декабрда ымыркайдын жансыз денеси табылган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бирок энеси табыла элек, издөө иштери уланууда. Ал эми ымыркайдын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur8777
2017-12-19 20:21:48
Бироого зар,бироого кор деген ушу да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан