Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралууда.
Анын жүрүшүндө Салянова эки соттун ооруп калды деген жүйө менен башка сотторго алмашканына каршы экенин айтты. Ал башка соттордун ишти кароосун каалабай, соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцовага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук коллегия бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.