Депутат Алмамбет Шыкмаматов, ишкер Али Юксел жана Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин соту уланууда. Али Юксел сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып айыбы жок экенин айтты. "Бул жерге чакыртылган күбөлөрдүн бири дагы менин айыптуу экенимди айткан жок. Бирок мага коюлган айыптоолор өзгөрүүсүз калууда. Мен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эч качан бузган эмесмин. Ишкер катары мамлекетке салык төлөп келдим.
Айтпашым керек эле, бирок айтууга туура келип жатат. Мен Сокулук районунан Токмок шаарына чейинки аралыкта жакыр жашагандарга, балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө акчалай жардам берип келдим", - деди айыпталуучу Юксел.