Депутат Кенжебек Бокоев: "НТС телеканалынын тегерегинде болуп жаткан окуялар саясий заказды аткаруу, рейдерлик аракеттер"

"НТС телеканалынын тегерегинде болуп жаткан окуялар саясий заказды аткаруу, рейдерлик аракеттер". Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев НТС телеканалынын маалымат жыйынында билдирди.

"Сот аткаруучуларынын мындай ыкчам иштөөсү сот реформаларынын оңолуп, мыйзамды аткаруу жүрүп жатканын билдирбейт. Мен айтат элем алар кадимки эле саясий заказды чуркап аткарып жатышат. Бул сөз эркиндигин кысып, калыптанып калган телеканалды жабуу аракети болуп жатат", - деди депутат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

Айта кетсек, НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bakyt78
2017-12-19 21:17:28
Туура эле кылат, НТС каналын жабып эле салыш керек, убагында бийликке жагынайын деп "ар-тарап" телеберуусун алыпбаруучу Эрнис Кыязовду иштен алып салды. Кошоматчы телеканал, эч качан акыйкатты суйлогон эмес.
-2
aza84
2017-12-19 21:22:08
Бул заказной экени корунуп турат ак ийилет бирок сынбайт
+1
taalay25
2017-12-20 11:15:58
Соз эркиндигине Басым деп туура эмес айтып алыпсынар. Соз эркиндигине басым болгондой НТС оппозициялык деле телеканал эмес. Нейтралдуулукту сактап келет. Андан корр БАБАНОВГО АШАДАН БАСЫМ десенер туура болчуудай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан