НТС телеканалына карата жасалып жаткан басымдар тууралуу маселе Жогору Кеңеште көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова НТС телеканалындагы маалымат жыйында билдирди.
Ал бул кадамдар ачык эле саясий буюртманы аткаруу экенин, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрө турганын айтты. Андан сырткары ал НТС телеканалына келген сот чечиминде аты аталган компания Максим Бакиевге таандык экени тууралуу маалыматтар интернетте көп экенин, мындай шектүү компаниянын доосун сот аткаруучулар бүгүнкүдөй тездикте аткарып жатканы таң калтырарын айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.
Айта кетсек, НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.