НТС телеканалынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу телеканалдын юридикалык ээси Өмүрбек Бабанов эмес экенин айтты. Мындай билдирүүнү ал бүгүн, 19-декабрда телеканалдын маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусуна караганда, телеканалдын юридикалык ээси Бабановдон башка адамдар.
Ошондой эле ал Бабанов телеканалдын ээси же ээси эместигин айтуудан да баш тартты.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.
Айта кетсек, НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.