Балыкчы-Корумду унаа жолун салган 500 жумушчу 5 айдан бери айлык ала элек

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу токтоду, 500 жумушчу 5 айдан бери айлык ала элек. Мындай маалыматты бүгүн, 20-декабрда өткөн маалымат жыйында "Лонг-Хай" компаниясынын жумушчулар тобунун жамааттык кошуунунун жетекчиси Бейшекадыр Сарыбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушуна жарыяланган тендерди кытайлык "Лонг-Хай" компаниясы утуп алган.

"Биз Жаңы жылдын алдында бийлик өкүлдөрүнө акыркы үмүтүбүз менен кайрылып жатабыз. Бизди өкүндүргөнү акыркы 5 айдан бери айлык акыбызды ала албай келебиз. Биз компаниянын жетекчилигине оозеки түрдө кайрылганбыз, алар бизге мамлекет компанияга акча каражат которбой жатканын билдиришти. Бизге министрлик жана компания тарабынан эч кандай түшүнүктүү жооп бериле элек", - дейт Сарыбаев.

Ошондой эле Балыкчы-Корумду жолунда жумуш кайра качан баштала тургандыгы тууралуу жумушчуларга такыр маалым эмес экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 29-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Балыкчы-Корумду жолун оңдоо иштери токтотулганын, 2017-жылы бул долбоорго каражат каралган эместигин билдирген. Ошондой эле ал "Лонг Хай" компаниясынын жумушчуларына карыздар бар экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KUBI
2017-12-20 13:57:17
Бербейсинби айлыгын.
+2
bars_wire
2017-12-20 14:42:57
Мен бугун тушундум.биздин жемкорлор ушунчалык адам кейпинен чыккан айбан экендигине.Менин укам рульда куну туну курсагы ач.кечке жолдо .кееде уйку корбой иштешет бир фирмада товар ташышып.Айлык берген эшектер мамлекетке салык тогобуз деп айлыгынын жарымын кыркып алышыптыр.Ушу каантип болсун эми.карапайым элди жеп бутмок болушту.Катуу суйлойун десе иштен кетирет.суйлобосо 10мин алса 5минин салыкка токсо.кандай жашоо.кандай турмуш болот.Кыргызстаныбыз качан онугот.
+2
Marasul.gulnur
2017-12-20 20:16:48
Туура. Азыр кыйын болуп баратат. Элдин мээнентинен корккон Адам жок. Окунучтуу
-1
Marasul.gulnur
2017-12-20 20:17:15
Эки жылдап акчаларын ала албагандар да журот. Тажатышты
+1
talaa11
2017-12-20 23:08:50
Ушул Окмотту озубуз шайлаганбыз мына узуру,озу бизге чала болот ушуну кормокбуз негизи булдагы аздык кылат бизге Татыктуу инсанды Сокур дулой адамга окшоп озубуз тандабайбыз мынаке жыйынтык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан