Бишкек шаарын Жаңы жыл майрамына жасалгалоо үчүн 15 миллион 500 миң сом жумшалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка караганда, бөлүнгөн каражаттын ичинен:
1 миллион 200 миң сом - "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны кооздоо үчүн жумшалган.
2 миллион 800 миң сом - борбордук аянттагы жаңы жылдык композицияларды орнотуп, жасалгалоого коротулган. Ага 7 балаты, үй түрүндөгү 2 жаңы жылдык конструкция, жарык берүүчү 12 торшер, "2018" деп жазылган белги жана жарыктары жанган майрамдык кооз оргума коюлган. Мындан тышкары 19 декоративдик көлөмдүү инсталляция, бак-дарак түрүндө жасалгаланган композиция жана жарыктандырылган 10 шар коюлган.
9 миллион сом - жарыктары жанган 3D форматындагы 2 полотно. Полотнону жасоо үчүн жипке 1440 метеор түтүгү уланган. Анын иштөө системи атайын камсыздалган программанын негизинде борбордук тейлөө менен башкарылат. Полотного сигнал берүүчү 3200 метр кабель, ал эми электр жарыгын өткөрүү үчүн 3500 метр кабель пайдаланылган.
2 миллион 500 миң сом - шаар ичиндеги көчөлөргө жаңы жылдык кооздуктарды илүү, атайын унааларды пайдаланууга коротулган. Шаардагы Манас кең көчөсүнө 71 даана панно, Чүй, Абдрахманов көчөлөрүнө жана Жаш Гвардия бульварына 79 даана жаңы жылдык чынжыр, Эркиндик бульварына 69 майрамдык чынжырлар илинген. Мындан тышкары Жаштар аллеясы менен Курманжан датка эстелигинин жанына да инсталляциялар орнотулган.
Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө 3,4 миллион сом сарптай тургандыгы маалымдалган. Бул каражатка майрамдык 3 иш-чара өткөрүлөт. Биринчиси - 15-декабрда өткөн өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи. Экинчи иш-чара - 31-декабрда аянтта күндүз коюла турган майрамдык концерт болсо, үчүнчүсү түнкүсүн Жаңы жылды "Ала-Тоо" аянтында тоскондор үчүн концерттик иш-чара.