НТСтин мүлктөрүн алмакчы болуп жаткан компания Максим Бакиевге тиешелүүбү?

НТC телеканалынын үстүнөн арызданган "Grexton capital LTD" компаниясы Максим Бакиевге жана анын чөйрөсүнө тиешелүү экени 2011-жылы айтылган. Тиешелүү документтер УКМКга жана Башкы прокуратурага тапшырылганын "Penwell" компаниясы жарыялаган.

Бул эки мамлекеттик мекемеге түшкөн документтерге ылайык, "Мегакомдогу" орусиялык инвестордун 51 пайыз үлүшү тартып алынгандан кийин Бакиевдин айланасы классикалык рейдерлик схема менен сатып алуу операциясы таза өткөнүн көрсөтүүгө аракет кылган.

"Ошентип бир күндүн ичинде Максим Бакиевге тиешелүү "Ermen-Too Resources", "Лорена Холдинг", "Grexton Capital Ltd" жана башка компаниялардын катышуусунда акчалардын "айлануусу" уюштурулган. Бирок чындыгында акчаларды которуу болгон эмес. Акчаларды "подставной" компаниялар аркылуу айлантууда "Grexton Capital LTD" негизги роль ойногон. Бул офшор Максим Бакиевдин ушул сыяктуу операцияларында маанилүү элемент болгону белгилүү", - деп айтылат "Penwell'дин" маалыматында.

Айта кетсек, кечээ, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн. Бул чечимдин аныктамасынын негизинде "Grexton capital LTD" компаниясынын доо арызын камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mers124
2017-12-20 17:41:15
Максим Бакиев балаа болду го
+2
raykray
2017-12-20 18:27:41
Тушун жаман болсо Бакиевке жоору?! Сокенин эле кылганы, бироого оной артчу болду аташканын балдары!!!
+2
TalaCSKA
2017-12-20 19:38:40
Ушул деги Бакиевтерден кутулбай койдукко !
-1
jbolotov
2017-12-20 21:02:37
Элдин башын айландырбагыла, жонгана азыркы бийлик озуно жакбагандарды жабуу аракети деп тушуном.
+1
Mers124
2017-12-21 00:25:39
Максимдики экенине менин деле күмөнүм жок. Себеби Максимдин кол баласы азыр премьер. Сдпкнын күнү бүтүп келетат
0
Shokoladka94
2017-12-21 05:07:35
Ушуларга таянып алып жасап жатат да Максим. НТС беттерин ачып жибере электе бийликтештирип жиберели дешкен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан