Мындан ары президент Сооронбай Жээнбеков кортежи менен өтүп бара жатканда жол толугу менен жабылбайт

Президент Сооронбай Жээнбеков кортежи менен өтүп бара жатканда жолду толугу менен жабууга тыюу салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 21-декабрда президенттик аппараттан тастыкташты. Маалым болгондой, президент кортежи менен Манас проспектиси аркылуу жумушуна бара жатканда жана жумуштан кайткан учурда айдоочулар аталган проспектинин бир тарабы менен жүрө алышат.

"Бул президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн тапшырмасы менен болууда. Анын тапшырмасына ылайык, кортеж Манас проспектиси менен бара жатканда каршы тилкеге чектөө киргизилбейт жана жол мурдагыдай болуп толугу менен эмес, бөлүп-бөлүп жабылат", - деп билдиришти аппараттан.

Президент жумушка эртең мененки саат 07:40та келип, кайра саат 20:00 чамаларында үйүнө кайтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
NIkalike
2017-12-21 23:19:06
Эл сыяктуу эле эртерээк чыгып, катардагы адамдардай эле ишине барып келсе не болот? Озгочо кышында Иса Ахунбаев менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде тура берип чарчайбыз. Он беш минута эмес, жарым сааттан ашык тосушат. Президент деле бизге окшогон адам эмеспи. Тез жардам же орт очуруучу болсо бир жон. Болгону эртерээк туруп, жумушка камынса сегизге жетишет. Билбейм балким президентти озгочо урматтаганга коз карашы туздор бар чыгаар. Болгону мен учун ажо дагы, тазалык кызматында иштеген шыпыр
+1
Azat.97
2017-12-21 23:28:06
NIkalike,Ттура
+2
Kojo1995
2017-12-22 00:38:16
Кортеж мортежи менен жарып салмакмын акчам көп болсо
-9
Alibek-0001
2017-12-22 01:14:37
NIkalike,мурдагы президенттерге караганда жакшы болуп атат го, президент сага окшогон адам оба,,, бирок сен президент эмессин, ал президент.
+8
Alibek-0001
2017-12-22 01:15:25
NIkalike, озунчо эле акылман боло бербе.
0
muslim87
2017-12-21 23:54:27
Булда болсо жакшы көрүнүш.
+8
Isco23
2017-12-22 00:24:59
Мындан да жакшы кылса болмок ааааай
-3
Birimdik5555
2017-12-22 00:40:13
Жакшы кабар,элдин умутун актап,жумушчу орундарды кобойтуп,Кыргызстандын карыздарын азайтса экен
+5
Aznazalai
2017-12-22 10:45:54
Озу кыргыздар ичи тар коро албас калк келет экен.Арасында бул жердеги терс пикир калтыргандар дагы.С.Жээнбеков болгон куч аракетин жумшап атат деп ойлойм Кыргызстан учун.Ага бир мисал чу дегенде эле казак кыргыз чек ара маселесин чечти.Деги койчу коп эле жакшы иштер менен баштады.
+5
Aznazalai
2017-12-22 10:46:40
Отуруп алып эле бышкан ашка сынчы коп боло бербегилечи.
+1
isabek1977
2017-12-22 16:16:00
Жакшы иш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан