ЖЫЛНААМА, 22-ДЕКАБРЬ: Энергетиктердин кесиптик майрамы

Бул майрам энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет. Майрам 1966-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун указы менен 1920-жылы Бүткүл орусиялык Кеңештин сегизинчи съездинде Орусияны электрлештирүү мамлекеттик планын кабыл алуу күнүнө карата кабыл алынган.
Бул планга ылайык, Орусия боюнча 20 жылуулук электр көмөк чордондорун жана 10 суу көмөк чордондорун куруу каралган. Анын ичинде үчөө Кыргыз өлкөсүндө курулмак, окумуштуулардын көңүлүн биздин жергебиздеги суулардын көрөңгөсү бурган. 1920-жылдан баштап Кыргыз мамлекетинде көп эмес кубаттуулуктагы Ош ГЭС-1, Аламүдүн ГЭС, бир канча дизелдик электр станциялар курула баштаган.
Кыргыз мамлекетинде Энергетиктердин күнү өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Беларусь Республикасы, Армения жана Украина белгилейт.
Бул күндү энергетика тармагында иштеп кеткен жана иштеп жаткан, айтор калкты жарык, жылуулук менен камсыздоонун үстүндө эмгектенген бардык кызматкерлер белгилешет.
22-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aslan_akjol89
2017-12-22 09:49:21
Майрамыбыз мн энергетиктер!!!
+2
zheenbaev95
2017-12-22 12:45:42
aslan_akjol89,рахмат Брат
кел чогу майрамдайлы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан