2017-жылы атактуулардын көбү эгиз наристелердин ата-энеси аталышты: Жорж жана Амаль Клуни, Бейонсе менен Жей Зи, Криштиану Роналду, Энрике Иглесиас менен Анна Курникова жана башкалар. Бул бактылуу ата-энелердин катарын белгилүү шыктандыруучу оратор жана жазуучу Ник Вуйчич да толуктады. Тактап айтканда, анын жубайы Оливия жана Элли аттуу эгиз кыздарды төрөгөн. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Баарыңардын жылуу сөздөрүңөргө жана куттуктоолоруңарга ыраазычылык билдирем! Оливия менен Элли апасынын туулган күнүндө төрөлүштү. Салмактары 2 килограммдан жогору. Кыздарым менен апасынын абалы жакшы", - деген ал.
Белгилей кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Ник Вуйчич 2012-жылы Канаэ Мияхара аттуу бийкечке үйлөнгөн. 2013-жылы Киёси, 2015-жылы Деян Леви аттуу уулдуу болушкан. Эки баланын тең ден соолугу чың.