Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев сот өкүмү чыккан "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду депутаттык мандатынан ажыратуунун жол жобосун айтып берди.
"Учурда райондук соттун өкүмү чыкты. Алар жогорку инстанцияга кайрылбаса чечим он күндүн ичинде күчүнө кирмек. Бирок Шыкмаматов шаардык сотко кайрылды. Шаардык соттун чечими дароо күчүнө кирет. Эгер сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырса Шыкмаматовдун мандатынан ажыратууга негиз болот. Андан кийин Баш мыйзамга жана депутаттык статус боюнча мыйзамга ылайык, БШК 30 күндүн ичинде мандатынан ажыратууну карайбыз", - деди Осмоналиев.
"Шыкмаматовдун Жогорку Сотко да кайрылууга укугу бар. Жогорку Сот күчүнө кирген чечимди эле көзөмөл иретинде карайт. Бул бир аз убакытты созушу мүмкүн. Эгер сот чечимдери Текебаевдин ишин карагандай туруктуу болсо, эң көп дегенде эки ай убакытта баары чечилиши керек", - деп кошумчалады Осмоналиев.
Белгилей кетсек, 19-декабрда Биринчи Май райондук соту депутат Алмамбет Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап беш миллион сом айып салган. Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган.