Нарында айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерине кол көтөрүп, видеорегистраторун талкалап салган

Нарын облусунда айдоочу жол эрежесин бузганын айткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерине кол көтөрүп, анын видеорегистраторун талкалап салган. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган окуя 21-декабрда саат 11:50лөр чамасында орун алган. Анда мүмкүн эмес болгон жайга токтотулган Тойота-Гайя үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери эрежени бузганын айтып, унаанын документтерин сураган. Айдоочу ага орой жооп берип, ортодо кайым айтышуу орун алган. Натыйжада айдоочу унаасынан түшүп, милиция кызматкерине кол көтөрүп, анын төшүндөгү видеорегистраторун талкалап салган.

Кийин кызмат учурундагы милиция кызматкерине кол көтөргөн делип 40 жаштагы Б.Б. аттуу айдоочу убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, ага карата кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gute
2017-12-22 20:58:07
Аай кол которо калбай тынч эле жашай бербейт белен
+4
Arlenchik
2017-12-22 21:56:35
Эреже буздунбу мыйзам алдында жоопко тартыл, эреже бузбасан уруш мн эмес сылык адамча далилдеп бербейт белен, ушундай айдоочулар бар эреже бузуп анан адырандап чыга келишет, эми мурдундун суусун куйултуп отур
+4
Mikella
2017-12-22 23:24:53
Ажылдайт да жанындагы аял дагы. Мыйзам алдында жооп бериш керек, озунчо эле умники все предупреждение бер деп. Адамча суйлошконду уйрон анан машина айда
+2
cfif03748
2017-12-22 23:29:56
Биздин айылда да.маршрутка,такси стоянка бар.ошол жерде парковкага болбойт деген знак бар.мен да ошол такси стоянкада туруп правамы алдырып штраф тологом.ГАИ лер келип бул жерге машина токтотууга мумкун эмес деп штраф толоткон.болбосо маршрутка ,таксилер баары ошол жерден кетишет.Айла жок.бир жиним келип,бир кулкум келип.баарибир штраф тологом.бул шоопурду да тушуном.
0
Rifle_I
2017-12-22 23:51:32
Бизде машина айдагандардын арасында келесоолор көбөйүп кетти. Эрежени бузганын айтсаң кайра баса калат. Правасын 10 жылга кесип салыш керек.
+2
Bak.taalai
2017-12-22 23:58:25
Rifle_I,Ооба туура айтасын ...кыз ...бетин тырмайт болушуп. ГАИда оз милдетин так аткарып жатат ачкыч эмес башкасын жулуп алганга акысы бар оз ыктыяры менен бербесе
+2
Aikyn93
2017-12-23 18:55:07
Ушуну өзү окуйт болду бекен же туугандары окуса айтат элем ошол айдоочу ХХХХХХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан