Бишкекте жаранды анын 3 таанышы ур-токмокко алып, тапанча менен коркутуп 50 миң сомун тартып алышты

Бишкек шаарында жаранды ур-токмокко алып тапанча менен коркутуп 50 миң сом акчасын тартып алышкан деп 19 жаштагы 3 тургун кармалды. Бул тууралуу 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда Бишкек шаарынын тургуну 3 таанышы ага карата бир нече жолу күч колдонуп жана курал көрсөтүп коркутушуп, баш-аягы 50 миң сом акчасын тартып алганын айтып милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада Бишкек шаарынын 19 жаштагы А.С., К.уулу Н. жана Э. уулу А. аттуу жарандар шектелип кармалган. Шектүүлөрдүн биринин жашаган жерин тинтүүгө алышканда пневматикалык тапанча да табылган.

Кийин аларга "тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, Октябрь райондук соту тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kansulu
2017-12-23 07:36:29
Азыркы заманда жанында жургон таанышына да ишениш жок
+5
aibars
2017-12-23 08:38:30
Огуздой кучунор барго азыр башынар менен жер казсанар дагы адал эмгек менен нан таап жебейсинерби.!
+4
Razzak.kg
2017-12-23 08:39:47
Бешиктен бели чыга элек кылмыш жасап, энесин куураткандар. Жакшы максат менен остуруп, жебей ичпей бакса керек эле ушуларды ата- эне. Айткан рахматтары ушул
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-23 10:29:23
50минди 3ко болсок аздан эле тийет акылсыздык эми ар бирин 100минден бересинер
+2
Arlenchik
2017-12-23 10:29:29
Ушуга окшогон акмактарды тоногон, адам омурун кыйган, зордуктаган акмактарды олум жазасынале тартып салса башкаларына да сабак болуп кылмыштуулук аз болуп коом таза болмок, мындай акмактардан элдин саны азайып кетпейт, барынан жогу жакшы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан