Ташкентте 27-декабрда Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча министрликтердин деңгээлиндеги үч тараптуу жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, эртең, 25-декабрда Ташкентке кыргыз тараптан адистердин тобу барат.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алган. Өлкө башчы тышкы рынокко чыгууда темир жол Кыргыз өлкөсү үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, министрге эксперттик топту жолугушууга тыкыр даярдоону тапшырган.
Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун куруу 2000-жылдардын башынан бери эле демилгеленип келет.
2012-жылдагы эсеп боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектелет.