Орусияда өрттөн улам каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү жерге берилди. Анын артында бир уул, бир кызы калды

Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында өрттөн улам каза болгон 44 жаштагы Кыргыз жараны Рыспек Жолдошбековдун сөөгү туулуп өскөн айылына жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрга маркумдун жакындары SUPER.KG'ге билдиришти.

Алардын айтымында, Жолдошбековдун сөөгү 23-декабрда Кыргыз жерине алынып келген. Бүгүн анын сөөгү өзү туулуп өскөн Талас районундагы Үч-Эмчек айылына жерге берилди. Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.

Айта кетсек, Жолдошбеков Түштүк Сахалинде КамАЗ айдап иштеп жүргөн. 13-декабрь күнү түнкү саат 3кө жакын үй-бүлөсү менен телефон аркылуу байланышкан. Ошол күнү өзү жашаган контейнерден өрт чыгып каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2017-12-24 17:55:03
Жаткан жери жайлуу болсун
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан