Өзбекстандык 23 жаштагы кызды уурдап, жакындарынан 31 миң доллар талап кылган деген шек менен үч кыргыз жигит кармалды

Өзбекстандык 23 жаштагы кызды уурдап, аны бошотуу үчүн жакындарынан 31 миң доллар талап кылганга шектелип үч кыргыз жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 20-декабрь күнү 67 жаштагы Т.С. аттуу Өзбекстандын Фергана облусунун Чекшура айылынын жашоочусу Кадамжай РИИБине арыз менен кайрылган. Ал арызында 20-декабрь күнү саат 11.00 чамасында бейтааныш жигит телефон аркылуу байланышып, "сиздин небереңиз Кадамжай районунун Халмион айылында биздин колубузда турат, 31 миң доллар акча каражатын берсеңиз небереңизди бошотуп жиберебиз" деп коркутушкандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 19-декабрь күнү саат 11:00 чамасында Кадамжай районунун 28 жаштагы М.Д. аттуу Халмион айылынын тургуну 21 жаштагы А.Х. жана 19 жаштагы Э.Ш. аттуу достору менен Халмион айыл аймагы менен Өзбекстандын чектешкен жерине барышкан. Ал жерде туруп Чекшура айылынын 23 жаштагы тургунун тааныш кызы аркылуу чек арага чакырып алып, андан ары уурдап кетишкен.

Бир күндөн кийин телефон аркылуу анын жакын туугандарына чалышып, 31 миң доллар талап кылышкан.

20-декабрь күнү саат 17:00 чамасында алар кызды Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан чек ара постуна алып келишип, таятасынан акча алуу максатында барышкан жеринен кармалышкан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
raykray
2017-12-24 23:20:33
Э.Шмы Хамдылар болсо, Халмион бут озунун туугандары жазасын алсынындар , ошентип эле кинодогудай акча берип коет дегенда
+9
mederkg
2017-12-24 23:26:30
Ушундай х м ф ю лар кыргызтандын атын жаман жактан көрсөтүп жатышат башка өлкөлөрго
+19
ekaterinburg
2017-12-25 00:09:45
Кинодогудай элестетип кылып ийишкен го"дадиндар".Эми жазанарды алгыла,не демек элек...
+6
KAYRATBEK
2017-12-25 00:12:45
Озбек милициясы кармаганда омур бою турмодо чиритип жибермек.
+14
SHAHDAR
2017-12-25 01:57:22
Эмнеге 31мин??
-3
Odik11
2017-12-25 02:12:24
SHAHDAR,Медалдын эки бети бар. Кызды бекер уурдабаган чыгар, озбек тарап контрабанда товар алып 31 мин эмес 500 600 мин кайтпай калган учурлар бар. Бул доллар менен. Азыр да ала электер бар
+2
TalaCSKA
2017-12-25 02:15:03
Кайсы айыл экенин айтканга жараша уйунун номерин паспортторунун данныйын да кошо беришсе болмок тайатасына )) банда не удачников )))
+3
Derzki_kyrgyz
2017-12-25 03:58:13
Постановка какая то. На сцене Спецслужбы двух стран
+2
Okna
2017-12-25 04:12:42
Кызык биринчи жолу угушум озбекстандан Адам урдалышын кыргыздар бул жерде башка нерсе бар детективтер жакшы иштепгиле
0
Dembele84
2017-12-25 04:25:18
Галдирбайлар!
0
star....
2017-12-25 05:39:48
Бекер соз озбектер афирист болушат, эсинер м.н болгула детективтер , а жердештерим эч койбодунар ушу Кадамжайдын атын таанытканынарды уят
+2
Nevestkaa
2017-12-25 07:50:29
"Ындыйскый"кино көп көргөн аладопучандар десе,андай иш кылган адам айылдын адресин айтпайт да жинди.Кызда да бир айып бар да чек арага кел десе эле келе береби,жигит пигити болгон да.
+7
Nurik1992
2017-12-25 10:12:29
андай болушу мумкун эмес.
+1
Nurik1992
2017-12-25 10:15:28
бул биздин корупциянерлер менен озбек улутунун биргелешип кылган спектакль ойногону карапайым элибизге кармалгандарга сабыр берсин
+1
Nendi15
2017-12-25 11:32:29
Тан калыштуу,3 кыргыз деп жазылганына. Кээде ошол туугандар адам өлтүргөнгө чейин барышканда тим эле улутун жазбай бекитет эленер,эми улуту керек бекен?
+6
akonia
2017-12-25 22:31:03
Озбектер уурдап сабап олтуруп деле атышпады беле ошого ращет кылып коюшсун эми камабай эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан