Казакстан "Евровидение" эл аралык ыр сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү 31-канал телеканалынын башкы директору Багдат Кожахметов казак басылмаларына билдирген.
"Казактар "Евровидение" сынагынын жаш балдар жана чоңдор арасындагы сынактарына катыша алышат. Биз Португалияга кат жибергенбиз, жооп келди. Жыйынтыгында 2018-жылдын май айында аталган өлкөдө өтө турган сынакка катышмай болдук. Эми ал жакка баруу үчүн ырчылар арасында тандоо туру өтөт", - деген ал.
Евровидение - жыл сайын өтүүчү ыр сынак. Ал 1956-жылдан бери өткөрүлүп, дүйнөдөгү эң ири сынактардын катарын толуктап келет. Анда кайсы өлкөнүн катышуучусу жеңүүчү аталса, кийинки жылы сынак дал ошол өлкөдө өтөт. Эске салсак, "Евровидение-2017" ыр сынагында португалиялык Сальвадор Собрал жеңишке жеткен.