Мындан бир жыл мурун Каракол шаарындагы өз үйүндө киши колдуу болуп каза болгон медициналык колледждин директорунун өлүмү боюнча шаардык соттун чечимине нааразы болгон маркумдун туугандары бүгүн, 25-декабрда митингге чыгышты. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге жабырлануучу тараптын жактоочусу Жылдыз Адылканова билдирди.
"Туугандары бүгүн Ысык-Көл облустук сотунун алдында тынчтык митингине чыгышты. 15-ноябрда Каракол шаардык сотунун чечими чыккан соң биз облустук сотко апелляциялык арыз жазганбыз. Эртең, 26-декабрда бул иш боюнча Ысык-Көл облустук сотунда биринчи отурум болот", - деп билдирди жактоочу.
Эскерте кетсек, 2016-жылы 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.
2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.Мны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарган. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган.
Шаардык сот бул кылмышты жасаган адам аныкталбагандыктан аны аныктоо боюнча чараларды көрүү үчүн жазык ишин Ысык-Көл облустук прокуратурага жөнөткөн.