Аида Салянованын иши карала турган соттук отурум жактоочунун ооруп калганына байланыштуу башка күнгө жылдырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши карала турган соттук отурум жактоочунун ооруп калганына байланыштуу башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын жардамчысы билдирди.

Анын айтуусуна караганда сот Жакупбекова ооруп калганына байланыштуу отурумду эртең, 26-декабрда саат 9:30да улантуу чечимин кабыл алган.

Айта кетсек, эртең менен Салянова жактоочусу ооруп жатканын айтып, отурумду башка күнгө жылдырууну өтүнгөн. Бирок сот жактоочу ооруп жаткандыгы тууралуу дарыгерден маалымкат алып келсин деген талап менен түшкө чейин тыныгуу жарыялаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gute
2017-12-25 15:11:02
Бул сот быйыл бутпойт
+2
naera
2017-12-25 16:15:21
Бир кун кызы,бир кун озу,бир кун жактоочусу эле ооруй берет экен да.Буларды коруп баары оорукчанбы деген ойго кетпесин.
+2
Asel1Aikol
2017-12-25 18:12:22
Очередь менен эле ооруй беришет экен да! Тооба кылдым
-1
karakulja
2017-12-25 21:31:16
Спид болуп ооруп калса жыргайт экен да Аида эже...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан