Бүгүн, 26-декабрда парламенттин тийиштүү комитети "Ата Мекен" фракциясынан депутат Искандер Гайпкуловду Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизүү чечимин колдоду.
Бул сунушту комитетке аталган фракция сунуштаган.
15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын Искандер Гайпкуловго тапшырган. Гайпкулов 21-декабрда Жогорку Кеңеште ант берген.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. БШК Текебаевди 1-ноябрда мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган.