Бүгүн, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын Искандер Гайпкуловго тапшырды.
БШКнын мүчөсү Бактияр Кадыров Гайпкуловго: “Ата Мекен” партиясынан чыгуу боюнча арыз жаздыңыз беле? Тактап айтып койсоңуз”, - деди.
Гайпкулов арыз бербегенин билдирди.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. БШК Текебаевди 1-ноябрда мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган.
Искендер Гаипкулов 1966-жылы 25-мартта Араван районунун Мангыт айылында туулган. Ал Казак мамлекеттик академиясынын каржы жана насыя адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-жылы Араван районунун каржы бөлүмүнүн инспектору;
1986-1990-жылдары Ош облусунун каржы башкармалыгынын ревизор-инспектору;
1990-1991-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору;
1991-1992-жылдары Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн башчысы;.
1992-1993-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;
1993-1996-жылдары Араван районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы;
1996-1999-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы;
1999-1999-жылдары президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары;
1999-2002-жылдары Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;
2007-2009-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасы.