Интернетке тараган этникалык кыргыздардын балдарынын жергиликтүүлөр тарабынан токмокко алынышы боюнча окуя 2016-жылдын февраль айында болгон. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев SUPER.KG'ге билдирди.
"Окуя мындан 2 жыл мурун, тактап айтканда, 2016-жылдын февраль айларында болгон. Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун тургуну, этникалык кыргыз делген балдардын атасы бул иш боюнча ошол жылы эле укук коргоо органдарына арыз жазган. Видеодогу балдардын токмогунда калган 2 бала арыз берүүчүнүн баласы жана жээни болгон. Бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барып, арыздын негизинде тиешелүү чараларды көрүшкөн. Бирок ошол жылдын апрель айында арыз берүүчү өз арызын алып, ич ара кечиришип алганын айтып, ишти жаап коюуну сураган. Бул иштин үстүнөн көзөмөлгө алуу үчүн ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлерине тапшырма берилген", - деп билдирди Осмонбаев.
Ошондой эле бул маселе жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу структурасынын деңгээлинде чечилгенин кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, бул видео интернет айдыңына тарагандан кийин коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Токмокко алынып жаткан балдар 1999-жылкы балдар болгон. Эрнис Осмонбаев кошумчалагандай, окуя болгон күнү балдар футбол ойношуп, ошол жерден чырдаша кетишкен. Натыйжада интернетке тараган мушташ орун алган. Учурунда бул балдар мектеп окуучулары болушкан.