Кыш мезгилинде калктын 65-70 пайызы электр энергиясы үчүн 77 тыйындан, калганы 2 сом 16 тыйындан төлөйт

Электр энергияны 700 киловатт саатка чейин пайдалангандар ар бир киловатт саатына 77 тыйындан, андан ашырып колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевдин 27-декабрда өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып калктын 30-35 пайызы кыш мезгилинде электр энергияны 700 киловатт сааттан ашык пайдалана тургандыктарын айтты.

Ал эми Өзбекстанга 4 ай аралыгында экспорттолчу 550 миллион киловатт электр энергиясынын 1 киловатт сааты 2,4 центке баалана турганын кошумчалады.

"Токтогул суу сактагычын майнаптуу пайдалануу максатында 2018-жылы электр энергиясын Өзбекстанга жеткирүү боюнча 2017-жылы келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин Өзбекстанга 550 миллион киловатт электр энергиясы экспорттолот. 1 киловатт 2,4 центке бааланат", - деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
anash
2017-12-27 20:58:18
anda bizge 1.5kilip bersin akmaktar svetti ekonomdop koldonobuzgo a bular eksportoiyt eken akamsinar
0
Mers124
2017-12-27 21:04:00
Түшүнөбүз. Өз элине 2 сом 16 тыйындан сатып, коншу элге 1 сом 65 тыйындан саткан өкмөт бизде эле бар. Меймандос эмеспи. Болбосо былтыр Казакстандан 5 сомго сатып алышкан. Казакстандан албай калсак светти арзандатабыз деп коюп эл байкушту алдап кетти. Электр энергиясын өз баасында бергенди кудай кечирбейт деген А.Атамбаевдин сөзү бар, 2010-жылы сүйлөгөн.
+3
bekmaral
2017-12-27 21:25:08
К ыргызым шору бар эл экенбиз шору бар азга конбой Копко конобуз бакийипти бир сом деп айдадык эле
+2
Asel1Aikol
2017-12-27 22:55:55
Ошентип саткан акчанарга жайы бою алдын алып ремонтторду жүргүзүш керек эле ..түнү өчкөн свет азыр да жок сатканды жегенди алдаганды гана билесиңер! !!!
0
TalaCSKA
2017-12-27 23:44:11
Жер уйдо жашагандар 100% лимиттен жогору колдонушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан