Текебаевдин ордуна келген депутат Гайпкулов Жогорку Кеңештин экономикалык маселелер боюнча комитетине мүчө болду

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Искандер Гайпкуловду парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизүү чечимин колдоду. Депутаттар тийиштүү токтомду кабыл алышты.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына кирди. Мыйзамга ылайык, төраганын орун басарлары бул комитеттин мүчөсү болуусу шарт.

Эскерте кетсек, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын Искандер Гайпкуловго тапшырган. Гайпкулов 21-декабрда Жогорку Кеңеште ант берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан