Чүй облусундагы төрөт үйүнүн биринде 13 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу төрөт үйүнүн башчысы Шайыргүл Мырзагалиева билдирди.
Маалыматка караганда, 22-декабрда өспүрүм курактагы кыз төрөт үйгө жаткырылган. Эртеси, 23-декабрда ал кесарево жолу менен төрөгөн.
"Азыркы тапта жаш эненин жана ымыркайдын абалы туруктуу. Кызын өзү эмизип багууда. Ымыркайдын салмагы 2 килограмм 900 граммды түздү. Учурда эне-бала төрөтканада. Ымыркайга таенеси каралашууда", - дейт Мырзагалиева.
Ал эми жаңы төрөлгөн баланын атасы ким экендиги азырынча белгисиз.
Эске салсак, сентябрь айында Таласта 7-класстын окуучусу төрөп, ымыркайдын атасына кылмыш иши козголгон.