"Итке калпак кийгизген жарандар канчалык кечирим сурабасын мыйзам алдында жооп бериши керек", - деп Жогорку Кеңештин 28-декабрдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты. Ал өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
"Акыркы күндөрү интернеттеги социалдык тармакта улуттун кадыр-баркына шек келтирген окуялар болуп коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Кыргыз элинин улуттук сыймыктануу сезимдерин өнүктүрүү максатында 5-март - Ак калпак күнү деп жарыяланган. Бирок башыбызга кийген ак калпакты борбор калаада чоң соода үйүндө кээ бир жарандарыбыз итине кийгизип, улуттун намысына шек келтирип отурат.
Бул менен алар улуттун баш кийимин урматтабаганын билдирип отурат. Уюштуруучу тараптын канчалык кечирим сураганына карабастан бул мыйзам боюнча аларга карата чара көрүлүшү керек деп эсептейм", - деди Икрамов.