Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн, 28-декабрда толугу менен ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кечээ, 27-декабрда саат 23:30да жеңил унаалар үчүн, бүгүн саат 08:30да оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды. Учурда оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө.
Айта кетсек, 27-декабрда калың жааган кардан улам Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал", Талас облусунун "Өтмөк" ашуусундагы посттор жабылып, Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Буга байланыштуу саат 15:40ка карата аталган посттордо кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашкан.