Жол кыргысыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева кайрылуу жасады. Бул тууралуу кайрылуу бүгүн, 30-декабрда социалдык түйүндөр аркылуу таратылды.
“Коопсуздук Кеңештин өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чечимин ишке ашырууга менин жолдошум, досум, сүйүүм Темир Жумакадыров жооптуу эле, бирок өзү жол кырсыгынан каза болуп калды. Бул жол кырсыгынан Темир, Нурлан, Нурбек каза болуп, үч адамдын өлүмүнөн беш бала жетим калды. Балдардын "атам кайда, эмнеден каза болду эле", "атам менин майрамдык иш-чарамды көрбөй калганы кандай өкүнүчтүү", "атам жаныңда болом деп сөз бербеди беле" деген суроолорго жооп берүү коркунучтуу болуп калды. Жолдошум бараткан унаа менен сүзүшкөн жүк ташуучу унаанын айдоочусуна козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Ал он жыл жатак абакта отуруп же беш жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып, кайрадан өлкөнүн жолдорунда автоунаа айдоого укук алат. Мындай жол менен биз кайрадан өз жоопкерчилигин сезбеген айдоочуга ээ болобуз”, - деди ал.
Нора Сүйүналиева жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү сунуштап, абактан чыккандан кийин да өмүр бою автоунаа айдоого тыюу салуу керектигин айтты. Ошондой эле ал бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Эске салсак, Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгына кабылып каза болгон.