Депутат Алмамбет Шыкмаматов Биринчи Май райондук соттун өзүнө карата чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко арыз берди. Бул тууралуу депутат бүгүн, 31-декабрда SUPER.KG'ге кабарлады. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылды.
"29-декабрда райондук соттун чечимине каршы экенимди билдирип шаардык сотко арыз бердим. Анткени сот мага карата туура эмес чечим чыгарды. Ошол эле учурда прокуратура да айып пулдун көлөмү аздыгын айтып, сотко кайрылды", - деди эл өкүлү.
19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылды. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган.
13-декабрда өткөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптарга өзүнүн аргументтерин келтирип, аягында Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап, сот залынан камакка алууну соттон сураган.
Мындан тышкары аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди 9 жылга жана тендерди уткан компаниянын жетекчиси Али Юкселди 8 жылга эркинен ажыратууну жана алардын да мүлктөрүн конфискациялоону өтүнгөн.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.