Индонезияда бортунда 48 адамы бар кеме оодарылып кетти. Мындай маалыматты Reuters басылмасы жазды. Кырсык Калимантан аралына жакын орун алган. Оодарылган кемеден 8 адам каза болуп, 13 адам изделүүдө. Ал Танджунгселор шаарынан Таракан шаарына карай багытталган кеме болгон.
Бактыга жараша, жоголгон жана каза болгондордон башка адамдар куткарылган. Алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматтар кемени сууда калкып жүргөн устунду кагып алып оодарылып кеткен дешүүдө. Ал эми жергиликтүү маалымат булактары "кемеде адамдар жана жүк көп болгондуктан салмагы ашыкча болгон" деп жазышууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун арасында 2 бала бар.