Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 1-январда кечинде Калмаматов инфаркттан улам каза болгон. "Жыргалбек Калмаматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алай районунун Гүлчө айылында эртең, 3-январда саат 12:00дө өтөт", - деди Баатырбеков.
Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Ал 1993-жылы Финансы-экономикалык техникумунун салык инспектору адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштап, аны 2002-жылга чейин уланткан.
- 2002-2004-жылдары "Темир" мамлекеттик ишканасынын директору;
- 2004-2010-жылдары "Коңурат" ассоциациясынын башкы директору;
- 2010-2015-жылдары "Агромет" жоопкерчилиги чектелген ишканасында башкы директору;
- 2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, тогуз баланын атасы.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жыргалбек Калмаматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.