Эс алуу күндөрү бардык ооруканалар штаттык режимде иштеп жатат. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканалар майрам жана эс алуу күндөрү штаттык режимде иштөөдө. Кыш мезгили болгондугуна байланыштуу сасык тумоого кабылган адамдардын саны өсөт. Буга байланыштуу ооруканаларда кезек күткөн адамдардын саны да көбөйөт.
"Азыркы тапта бардык ооруканалар штаттык режимде иштеп, бейтаптарды кабыл алып жатат. Шаарыбыздын тургундары өздөрүнө ыңгайлуу болгон бейтапканаларга кайрылып, тийиштүү жардамдарды алса болот. Ал эми кышында №3-балдар ооруканасына кайрылгандардын саны көп болгондугуна байланыштуу кезек күтүүлөр болуп калат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, "Бишкек шаары боюнча, мен билгенден эс алуу күндөрү ооруп калган балдарды бир гана №3-бейтапкана кабыл алат. Бүгүн эле 50дөн ашык ата-эне балдары менен кабыл алууга кезек күтүп турушат", - деген билдирүүнү окурманыбыз SUPER.KG порталынын "Элдик Кабар" бөлүмүнө жөнөткөн.