ИИМ оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам долбоорун артка кайтарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан ырасташты.
Маалым болгондой, тиешелүү мыйзам долбоорун Транспорт жана жол министрлиги иштеп чыгат.
Айта кетсек, буга чейин ИИМ оң рулдуу унаалар менен адам ташып иштөөнү токтотуу тууралуу мыйзамды 2018-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштоосун сунуштаган. "Көпчүлүк учурда жол кырсыгына ичине 5 адамдан ашык салган оң рулдуу минивен унаалары кабылып жатат. Бул көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн ИИМ келерки жылдан тартып тыюу салууну сунуштоодо. 2017-жылы 8 айдын ичинде оң рулдуу унаалар катышкан 1226 жол кырсыгы катталып 151 жаран каза болуп, 2098 адам жабыр тарткан”, - деп түшүндүрүшкөн Патрулдук милициядан.