Элчилик: "Орусияда катталган жол кырсыгынан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда"

Орусиянын Ханты-Мансийск аймагында катталган жол кырсыгынан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары бар же жогу такталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Учурда кырсыктан каза болгондордун аты-жөнүн териштирип жатабыз. Алардын арасында Кыргыз жарандары жок деп үмүттөнөбүз", - деди ал.

Эске салсак, кечээ, 3-январда Орусиянын Ханты-Мансийск аймагында Мазда 6 жана Рено Дастер үлгүлөрүндөгү эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 10 адам каза болгон. Алардын арасында 4 бала болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagyn.91
2018-01-04 15:10:25
Отура бергиле тактаап! Бир званок мн маалыматтын чын тогунун аныктап, тактап койсонор болот!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан