ЭЛДИК КАБАР: "Ош облустук балдар клиникалык ооруканасында оңдоп-түзөө иштерине деп кызматкерлерден акча чогултулууда"

Бүгүн, 8-январда Ош облустук балдар клиникалык ооруканасын оңдоп-түзөө иштерине деп кызматкерлерден акча чогултулуп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Балдар ооруканасын оңдоп-түзөөгө деп кызматкерлерден 120 сомдон чогултулууда. Бардыгы эле берип жатышат. Мен башында ал акчаны бербей койгом. Бирок балаӊ үчүн болсо да аргасыз берет экенсиӊ. Оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражатты өз чөнтөгүбүздөн төлөгөн мыйзамдуубу?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ermekbai
2018-01-08 12:08:22
Бергиң келбесе бербей эле койда 120 сом үчүн мындай маалымат чыгарбай. Берсең ооруканага берип жатасың. Арак кана же сауна кумарканага эмес.
-5
fanatkg
2018-01-08 12:19:52
Ermekbai,элестетсең ооруканада канча кызматчы иштейт, алардын баарынан ошончодон жыйнаса чоң суммадагы акча келип чыгат!!!
+1
Ermekbai
2018-01-08 12:52:43
fanatkg,ичиң оорубай эле беребер. Ал жерде 100 адам иштесе 100×120=12000 сом болот бул суммага 2 челек красскк аласың
+1
kechirmeni
2018-01-08 12:41:19
Ermekbai,120 сом деле бей бечара учун чон акча
+1
Ermekbai
2018-01-08 12:57:42
kechirmeni, кечиресиң мен эч жерде иштебейм айына 120 сом айлык албайм мен үчүнда өтө чоң сумма. Менин айтайн дегеним кээбирибиз 120 сомго арак ичип коёт ушул сыяктуу арам нерсеге ойлонбой иштетип анан өзүбүзгө керектүү келечекке керек нерсеге келгенде берсемби бербесемби мыйзамдуубу деп калабыз (авторду айтып жатканым жок)
+1
kechirmeni
2018-01-08 14:09:55
Ermekbai,вот именно ошол нерсе мыйзамдуубу же мыйзамсызбы кеп ошодо эгер мыйзамдуу болсо канча берсен да жарашат мыйзамсыз болуп бироонун чонтогуно кетип атса жакшы эмес да
0
Liliia
2018-01-08 12:53:32
Ermekbai,120сом үчүн эч нерсе болбойбуз. Бирок мамлекет биртике айлык берет и аны да ремонтко, баланчага-түкүнчөгө деп бере берсек семьябызды ким багат. Квартирада жашагандары бар, услуга, квартплат, тамак-аш, бала-чака дегендей.120сом да кээ бир үй бүлө үчүн акча билсең, 6нан келет 3күн жейт аны. Мамлекет канчалаган карыздарды алып атат больницаларды, мектептерди жакшыртабыз деп, кана ошол акчалар? Ошол акчаларга ремонт кылсын, биртике берген айлыгынын жарымын алып калбай. Уят эле чоңдорубузга
+3
kechirmeni
2018-01-08 12:18:26
гор больницада глазнойдо деле алып атышат ремонтко деп
+2
Nevestkaa
2018-01-08 12:44:29
Ош обл больниц.кызматкелери лечения алып чыккан адамдан аласыңар го силер деле берип койгула 120с мн байып кетпейсиңер акча ошондой ширин болот эл дагы силерди жакшы көрүп бербейт.Именно пульмонологияда иштегендер.
0
marat88
2018-01-08 13:35:23
Ош областтар аралык балдар клиникалык ооруканасы азыркы мезгилде эч кандай ондоп - тузоо иштерине муктаж эмес. Себеби бул оорукананын мурдакы жетекчиси А.А. Анарбаевич убагында баарын ондоп тузоп алдынкы ооруканалардын катарына кошуп койду. Азыркы мезгилде Мамлекеттик ооруканалардын ичинен Республикада эн алдынкы таза ооруканалардын бири. Азыркы жетекчиликда ондоп - тузоо иштерин ушул темпте кармап карайт деген умуттомун.
0
Uulka9293
2018-01-08 13:48:49
Роддомдордо да алат ондоп тузогонго деп биринчимди 2012 торогом кийинкисин 2017 торогондо дагы деле алышты хотя после ремонта эле ... бирок эч кандай озгочолук коргон жокмун суук сквозняк. ..
+1
toolos1982
2018-01-08 14:15:00
Бербегиле болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан