"Ош облусунун Ноокат районундагы Керимберди айылындагы суу канал өткөн жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бирок жыл айланбай талкаланып калды", - деп жазган окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу.
Анын билдирүүсүнө ылайык, каналды курган ишкана 5 жылга чейин сынбайт деген кепилдик берген.
"Эми кышкысын канал жарылып суусуз калганы турабыз. Айылдыктар чогулуп сынганын бүтөп аракет кылып жатабыз. Таза суу киргизип беребиз деген өкмөттүн убадасы аткарылбай калды. Жаз келсе дыйканчылык кылган элге суу керек. Буга байланыштуу айылдын жашоочулары топтолуп акимге барууну сүйлөштүк", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.