“Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылында шамалдан жабыркагандарга жөнөтүлгөн шифер өз баасында сатылган жок”, - деп бүгүн, 8-январда окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.
Анын айтымында, шифердин бир даанасы 270 сомго сатылган. “Өкмөт шамалдан жабыркагандарга жардам болсун деп жол кире баасын коштурбай шифер жеткирген. Шифердин бир даанасы 260 сомдон сатылышы керек болчу. Бирок үстүнө 10 сомдон кошулуп сатылган. Ызы-чуу болгондон кийин шифер кайрадан өз баасында сатыла баштаган. Эл жергиликтүү бийликке нааразы болуп жатат”, - дейт окурман.
Эске салсак, 27-декабрда болгон катуу шамалдан жабыркаган айылдарга 2-январда шифер жөнөтүлгөн.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.