АКШдагы "CNN" телеканалы "Amazon" интернет дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана жетекчиси Жефф Безосту тарыхтагы эң бай адам деп атады. "Bloomberg" агенттигинин рейтингине ылайык, анын байлыгы 2018-жылдын 9-январына карата 105 миллиард долларды түзгөн. Анын байлыгынын өсүшүнө жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө "Amazon'дун" акцияларынын баалары 6,62 пайызга өскөнү себеп болгон.
Аталган телеканалдын маалыматында, 1999-жылы "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин байлыгы 100 миллиард доллардан бир аз ашкан. Муну менен ал тарыхтагы эң бай адам аталып келген. Ал эми Жефф Безос ал рекордду басып өткөн.
Азыркы тапта Билл Гейтстин байлыгы 93 миллиард долларды түзөт. Ал эми дүйнөдөгү эң бай адамдардын үчүнчү сабында Уоррен Баффетт турат. Анын байлыгы 87 миллиард долларга бааланууда.