Ошто адам ѳлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
9-январь күнү саат 11:40 чамасында бир аял киши колдуу болуп өлгөндүгү тууралуу Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн.
"Ош ШИИБинин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып 1 аял киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн көрүшкөн. Маркум 1977-жылы туулган М.А. аттуу жашоочу экендиги аныкталып, ал башынан жана денесинен алган соккудан каза болгондугу белгилүү болгон. Катуу соккудан маркумдун баш сөөгү жана төрт кабыргасы сынып кеткен", - деп билдирет маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттин негизинде акыркы айларда жарандык никеге туруп аял менен бирге жашап жаткан 1977-жылы туулган Б.Н. шектүү катары издөөгө алынган. Натыйжада ал 9-январда Ош шаарынын борбордук базарынан кармалып, тергөө бөлүмүнө алып келинген.
Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, 7-январда жарандык никеде турган аялын башка эркектерден кызганып катуу сабап, үйдѳн чыгып кеткендигин айткан. Окуя болгон учурда экөө тең мас абалында болгондугун айтып жасаган кылмышын моюнуна алган. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам ѳлтүрүү) боюнча иши козголду.
Кылмышка шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында сурак берүүдө.