Токмокто бир үй-бүлөгө кол салып, 2 баласын өлтүрүп кеткен адамдар кармала элек

Токмокто бир үй-бүлөгө кол салып, 2 баласын өлтүрүп кеткен адамдар кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. "Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, кол салгандарды издөө иштери жүрүүдө. Аларды кармоо өзгөчө көзөмөлгө алынган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 28-декабрь күнү таңкы саат 6:30 чамаларында Токмок шаарында белгисиз адамдар 44 жаштагы Диля К. аттуу аялдын үйүнө кирип, өзүн, эки баласын жана 16 жаштагы келинин сабап из жашырып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам үй-бүлө мүчөлөрү Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Бирок 24 жаштагы баласы ооруканага келери менен, ал эми 22 жаштагы баласы 29-декабрда каза болуп калган.

Ал эми Токмок шаардык ооруканасынан 16 жаштагы келини абалы жакшы болуп калгандыгына байланыштуу үйүнө чыгарылганын, ал эми Диля К. болсо жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2018-01-11 11:57:58
Кылмышкерлер качып Казахстан жака отуп кетиши деле мумкун
+3
nur8777
2018-01-11 11:58:08
Кандай окунучтуу окуя(( Кудайым ар пендеге ыйман берсин
+2
datkayimjan
2018-01-11 12:03:35
Тоноо,кол салуу деген жанылыктардан кун кур эмес болуп калды го. Кудайым пенделердин журогуно ыйман ынсап берсе экен
+2
taku88
2018-01-11 14:06:43
генерал майорлоду алгандар канааааа
+3
Tuke8686
2018-01-11 14:49:14
Эшектерди даарга асыш керек олум жазасын киргизбесе мышык олтургонда бул жакта калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан