Астанадагы катуу бороондон улам көчөлөрдө унаалардын кыймылы токтоп, аэропорт убактылуу жабылды

Астанадагы катуу бороондон улам көчөлөрдө унаалардын кыймылы токтоп, аэропорт убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Астанада 10-январдан 11-январга караган түнү кар аралаш бороон болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен. Кар аралаш бороондон улам шаардын көчөлөрүндө бардык унаалардын кыймылы токтотулган. Ошондой эле "Нурсултан Назарбаев" атындагы аэропорт да убактылуу ишин токтоткон.

Астана шаарынын акими Асет Икекешов шаар тургундарын зарыл иштер чыкпаса көчөгө чыкпоого чакырды. Катуу бороондон улам шаардын айрым райондору жарыгы жок калган. Туруксуз аба ырайына байланыштуу жабылган "Нурсултан Назарбаев" атындагы эл аралык аэропортунун терминалдары жарандык авиация комитетинин билдирүүсүндө 13:00гө чейин жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
evra_kg
2018-01-11 16:02:17
Кудай сактасын биз жака келбесин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан