Экс-чиновник Тайырбек Сарпашев менен жабылып калган "Сентябрь" телеканалынын журналисти Талгат Бакиевдин соту 22-январга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган каналдын мурдагы жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди.
Маалыматка ылайык, сот 10-январда өтмөк. Бирок жактоочулар иштин материалдары менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сураган. Сот жактоочуларга бул үчүн 22-январга чейин убакыт берген.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев жабылып калган “Сентябрь” телеканалынын кабарчысы Талгат Бакиевди сотко берген. Сарпашевдин доо арызында "Ар-намысты, ишкерлик беделди коргоо жана моралдык зыянды компенсациялоо" деп жазылган. Жоопкер катары “Сентябрь” каналынын тийиштүү кызматкерлери, Абдылда Капаров (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы - ред.) чакырылган.
Өмүрбек Текебаевди колдоо митингинде Капаровдун: "Бул бийликтин жарыгы кимге тийди? Азиз Батукаевге тийди, килем салып узатты. Бул бийликтин жарыгы кимге тийди? 20 миң доллардан Сирияга кетип жаткандарга паспорт саткан Сарпашевге тийди", - деп айтканы "Сентябрь" каналынан көрсөтүлгөн.