Бишкек-Ош жолунда кардын калыӊдыгы 1 метрден ашты

Бишкек-Ош унаа жолунда кардын калыӊдыгы 1 метрден ашты. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-128-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунун түндүк тарабында кардын орточо калыӊдыгы 22-55 сантиметр, түштүк тарабында 63-115 сантиметрди түзгөн. Ал эми Бишкек-Ош жолунун 198-246-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кардын орточо калыңдыгы 25-105 сантиметрге жетти.

Ушундай эле көрүнүш Өтмөк-Талас, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Торугарт, Нарын-Казарман, Каракол-Эңгилчек автоунаа жолдорунда дагы катталган. Айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңгондуктан жолдорго кум чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mir777
2018-01-11 20:58:49
Ош Жалалабал кандай?
+1
tolkun9090
2018-01-12 01:37:00
Калп
0
Verta-00
2018-01-13 14:16:42
tolkun9090,чын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан