SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар гана ушул нерселерди жасашат" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"1. Билгенин сыноо иретинде кайра сурап көрүшөт.
2. Дискотека же кечеге бийлегени барып, бийлеп жаткандарды жамандап карап турушат.
3. Телефондон СМС жазып жатып бир сүйлөм туура эмес жазылып калса, баарын өчүрүп кайра жазат.
4. Жаккан баланын көзүнчө ашыкча тамак жебейт".
"Рулдагы айымдар жол чырактын жашылы күйгөндө күзгүгө карануу менен убакытты өткөрөт жана жашыл күйгөнүн көп учурда унутуп калышат".
"Кыздар бетин жуубаса да боёнсо болду".
"Курсагыбыз ачса, акчабыз бар болсо деле "кайсы жигитти чакыра калсак, курсак тойгузганга" деп түрткүлөшүп калабыз".
"Гардеробунда кие турган кийим турса деле "кие турган эч нерсем жок" деп дайыма капа".
"Бир тырмагыбыздын боёгу сүртүлүп калса, баарын өчүрүп чыгып кайра боёйбуз".