Бүгүн, 11-январда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк тарабынан туруктуу макроэкономикалык абалды камсыздоо, улуттук валютанын курсунун туруктуулугун сактоо, банк жана төлөм системдеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча маалымат берди.
"Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резервдери 2 миллиард 182 миллион сомду түзөт жана келечекке ишенимдүү кароого мүмкүнчүлүк берет", - деди Толкунбек Абдыгулов.
Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн каржылык-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү аракетинин, улуттук валютанын туруктуулугун колдоонун маанисин белгиледи.
Мамлекет башчысы банк инфраструктурасын өнүктүрүү, банкоматтардын жана аймактарда ПОС-терминалдардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи.
Ошондой эле пайыздык чендерди төмөндөтүү, экономикада доллардын колдонулушун чектөө, калкты узак мөөнөттүү насыялар менен камсыздоо боюнча мындан аркы иштерди улантуу маселелери дагы талкууланды.