"Сосновка" постунда жеңил унаалар үчүн жол ачык. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан баштап Чычкан капчыгайына чейинки абалды текшерүү максатында чыгып кеткен ӨКМнын ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымынан (Өтмөк ашуусу) маалымат беришти. Унаа жолдо тыгындар жок жана Жол тейлөө ишканасынын (ДЭП) кызматынын атайын унаалары тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн".
Эскерте кетсек, унаа тыгындарын алдын алуу, болтурбоо жана жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында "Сосновка" постунда саат 12:00дөн баштап чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
"Саат 18:00гө карата постто 20 оор жүк ташуучу унаа турат, жеңил унаалар өтүүдө. Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилет", - деп кошумчалашты ӨКМдан.